COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоого 41,1 млн сом сарпталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.
«Мамлекеттик ооруканаларды каржылоо ар бир дарыланып чыккан учур үчүн ишке ашырылат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен стационардагы бейтаптарды дарылоого 2020-жылга 7 млрд 105 млн сом каражат каралган. 6-августка карата ооруканадан дарыланып чыккандардын саны 395 миң 64тү түзгөн. Алардын дарылануусун каржылоого 4 млрд 795 млн сомго каржылоо жүргүзүлдү. Анын ичинен 41,1 млн сом коронавирус менен ооругандарды дарылоого жумшалды», — деп билдирди Боронбаева.