Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 87 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 16 адам;
— Ош шаарында 2 адам;
— Чүй облусунда 10 адам;
— Ош облусунда 11 адам;
— Талас облусунда 4 адам;
— Нарын облусунда 1 адам;
— Ысык-Көл облусунда 7 адам;
— Жалал-Абад облусунда 16 адам;
— Баткен облусунда 20 адам.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 44403гө жетти.