• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

COVID-19 пандемиясында жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандар 19%га жогорулады

7 Теке 202113:23 Бишкек Govori.TV

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган жарандардын өлүмү 19%га жогорулады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүн, ушул жылдын 7-июль күну, брифинг учурунда М.Миррахимов атындагы КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Сарыбаев Акбай Шогайпович, республикада жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО) өлүмдүн биринчи орунда тураарын, коронавирустук инфекция башталгандан бери алардын деңгээли 2020-жылы 2019 жана 2018-жылдарга салыштырмалуу 19% ке көбөйгөнүн айтты.

COVID-19 менен ооруган жарандарда ЖКТО оорусу курчуп, оорунун күчөшүнө жана жүрөккө түздөн-түз зыян менен кошо орду толгус зыян анын ичинде өлүм алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Количество просмотров: 79