• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVID-19 шарттарында Кыргызстанга кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди

1 Жалган куран 202213:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-марттан тарта COVID-19 шарттарында Кыргызстанга кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Чек арадан унаа менен өтүүнү/конууну каттоодо авиакомпания өкүлдөрүнө/КӨЖ кызматкерлерине акыркы 72 саатта жасалган SARS-СoV-2га ПЧР-изилдөөнүн терс жыйынтыгы же коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын күбөлөндүргөн документ (кагаз же санариптик түрдө) көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, учакка отурууга коронавирус инфекциясынын клиникалык белгилери жок адамдарга уруксат берилет.

ПЧР-анализ же эмдөө тууралуу сертификат ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жашка чейинки балдардан талап кылынбайт.

“ПЧР-тесттин жарактуулук мөөнөтү учуу, авиакаттамдардын кечигүүсү/транзиттик жүрүүгө байланыштуу объективдүү себептер боюнча аяктагандан кийин КР жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар экспресс тесттен өтүүгө милдеттүү”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 213