• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

COVID-19: Учурда ооруканаларда 613 бейтап дарыланууда

3 Аяк оона 2020 11:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ооруканаларда 613 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 796 адам дарыланып жатат.

«Бишкек шаарында 138 киши, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 92, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 93, Жалал-Абад облусунда – 102, Талас облусунда – 27, Баткен облусунун ооруканаларында 75 бейтап дарыланууда», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 99 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 135ти түзөт. Алардын ичинен 39 миң 174 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.

Количество просмотров: 65