• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

COVID-19: Вирус жуктургандардын саны 58 жетти. Элден 48,3 млн. сомдон ашык акча түштү

27 Жалган куран 2020 22:08 Бишкек Govori.TV

Республикалык штаб маалымат топтоп, күндүн жыйынтыгын чыгарды.


Кыргызстанда коронавирустун биринчи учурун аныктагандан баштап 9 күн өттү. Ал 2020-жылдын 18-марты болчу. Ошентип, КРде бүгүн, 2020-жылдын 27-мартында, саат 20.00 абалга карата абал кандай?


Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын 14 дагы жаңы учурун аныктады, алар Ош, Жалал-Абад областтарында катталды. Ошентип, республика боюнча алардын жалпы саны 44төн 58ге чейин жетти, 6 бейтап ошондой эле реанимацияда, бирок алардын бири дагы өпкөнүн жасалма вентиляциясына муктаж болгон эмес. Өлкөдөн тышкары коронавирус 5 биздин жараныбызда аныкталды. Алардын абалы — жакшы.

Бардык жерде дезинфекция иш-чаралары жүргүзүлүүдө — көчөлөр, коомдук жерлер, уюмдар жана ишканалар.
65 жаштан уулу медициналык кызматкерлер, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар кызматкерлер коронавирусту жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды.

COVID-19 боюнча Финансы министрлигинин эсеби толукталууда, бүгүн күндө эсепте 48,3 млн. сомдон ашык акча чогулду.


УКМКнын эскертүүсүнө карабастан, фейк жаңылыктарды жайылтуу уланып жатат. Тиешелүү органдар аларды аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, бул иштерге юридикалык баа берилүүдө.

Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого ишенимдүү чакырышат, мыйзам бузгандарга тиешелүү жоопкерчилик тагылат.

Эске салсак, коменданттык саат 20-00дө башталат жана эртең мененки саат 7-00гө чейин уланат! Медицина, энергетика, ӨКМ, ИИМ, жана башка маанилүү кызматтар алдыда эки күн дем алыш болгонуна карабастан, 24/7 режиминде иш алып барат.

Количество просмотров: 622