Өткөн жумада COVID-19 вирусу аныкталган Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Борис Беляков билдиргенин «РИА Новости» жазды.
«Михаил Владимирович мамлекеттик медициналык мекемелердин биринде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат», — деди ал.
Беляковдун айтымында, өкмөт башчыны Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан коронавирусту дарылоодо сунушталган ыкма менен дарылап жатышат. Мындан тышкары Мушистин кесиптештери менен телефон аркылуу активдүү байланышта болууда.
30-апрелде Мушистин президент Владимир Путин менен болгон видео байланышта: «Жаңы эле коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы чыгып, оору аныкталды», — деген.
Ал оорудан айыкканча министрлер кабинетинин башчысы кызматын убактылуу аткаруу үчүн өзүнүн биринчи орун басары Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштаган болчу.
Булак: АКИпресс