• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

COVID-19: Өзбекстанга 100 миң доза Pfizer вакцинасы жеткирилет

19 Үчтүн айы 2021 17:24 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан АКШ менен Германиянын Pfizer жана BioNTech компанияларынан коронавируска каршы 100 миң доза вакцина алат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Баходир Юсупалиев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөш уюмдар калктын 20% коронавируска каршы эмдөө боюнча билдирме даярдап, COVAX фондуна жөнөтүштү.

«Бүгүнкү күндө GAVI уюму менен кызматташтыкта Өзбекстанга Pfizer жана BioNTech компанияларынын өндүрүшүндөгү 100 миң доза Comirnaty вакцинасын жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деди Юсупалиев.

Ал өлкөдө Pfizer/Biotech вакциналарын сактоо үчүн зарыл болгон -70 градустук муздаткычтар бар экенин, эмдөө иштерине даярдыктар башталганын кошумчалады.

Pfizer/Biotech – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган коронавируска каршы алгачкы вакциналардын бири.

Количество просмотров: 43