16-апрелге карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 2 миллион 62 миң 485 кишиге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 511 миң 843 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 136 миң 908 бейтап каза болду.
Ал эми АКШда 637 миң 716 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 52 миң 619 жараны айыкса, 30 миң 826 бейтап көз жумду. Испанияда 180 миң 659 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 70 миң 853 бейтап ооруну жеңген, тилекке каршы 18 миң 812 бейтап дүйнө салды. Италияда болсо, 165 миң 155 адамдан коронавирус аныкталып, 38 миң 92 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 21 миң 645 жаран каза болду.