Кыргызстанда 15-январга карата 607 адамдан коронавирус аныкталды.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 404,
Ош шаарында – 14,
Чүй облусунда – 97,
Ош облусунда – 10,
Талас облусунда – 20,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 13,
Жалал-Абад облусунда – 24
Баткен облусунда 20 адамдан илдет табылган.
Пандемия башталгандан бери 188 миң 813 адам коронавирус жукту.
Соңку суткада бир бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 828ге жетти.