• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

COVID-19дан 5 бейтап каза болуп, илдет 174 кишиден жаңы аныкталды

31 Бугу 202111:13 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 31-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен беш бейтап көз жумду. Бишкек шаарында төрт жана Ысык-Көл облусунда бир адам.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 808​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 174 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 104 729 кишиге жетти. Андан 98 544 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1 696 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 94 адамдын абалы өтө оор, 446 кишиники оор деп бааланууда.

Количество просмотров: 118