• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

COVID-19дан 94 адам сакайып, эки бейтап көз жумду

2 Жалган куран 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2-мартка карата коронавирус 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 94 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 161 бейтап, амбулатордук түрдө 491 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 556 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 368 киши айыгып чыкса, 2 миң 960 адам каза болду.

Количество просмотров: 59