• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

COVID-19дан Бишкекте 2 киши каза болду

1 Жалган куран 202110:30 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 киши каза болду.  Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуккан учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 179 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 251 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 210 киши айыгып чыкса, 1 миң 466 адам каза болду.

Количество просмотров: 75