• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

COVID-19дан дагы 8 киши каза болду, 325 кишиден жаңы аныкталды

23 Бугу 2021 11:39 Бишкек Govori.TV

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы сегиз бейтап каза болду. Алардын тертөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1751 кишиге жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 23-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 325 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (262).

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 365 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 102 511 киши вирус жугузуп алды. Анын 95 811и сакайды.

Учурда 1555 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, май айынан башынан бери эле 147 бейтап жашоо менен кош айтышкан.

Количество просмотров: 68