• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

COVID-19дан улам Бишкекте кошумча 400 орун даярдалды

7 Үчтүн айы 2022 19:16 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-январда коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарында вирус жуктургандар көбөйүп жаткандыктан кошумча 400 орун даярдалганын кабарлады. Анын айтымында, учурда бардык дары-дармектер, коргонуучу каражаттар жетиштүү.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөн бардык адамдар үчүн ПЧР-тесттин жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы алынгандыктан өткөрүү пункттарында COVID-19 инфекциясына экспресс-тест жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 203