Кыргызстанда 30-январга карата коронавирус 276 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 164, Чүй облусунда – 41, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 13, Нарын облусунда – 6, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 3 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 456 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт кыргызстандык каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 187 000 киши айыгып чыкса, 2 миң 876 адам каза болду.