Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы 662 учур катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттөгү брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 221;
Ош – 52;
Чүй облусу – 42;
Ош облусу — 81;
Талас облусу – 22;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 82;
Жалал-Абад облусу – 102;
Баткен облусу — 47 адам катталды.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 35 миң 805 бейтап катталды.