• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

COVID-19дун жаңы 98 учуру катталып, төрт адам каза болду

8 Бирдин айы 20229:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 8-февралга карата коронавирус 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 38, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 43, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусу – 9, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 308 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 766 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 995 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 617 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 397 киши айыгып чыкса, 2 миң 909 адам каза болду.

Количество просмотров: 76