• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

COVID-19га каршы эмдөө кайсы даректерде жүрөт? (тизме)

29 Жалган куран 202114:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде вакцинация кайсы жерлерде жасала турганын айтты.

Вакцина жасалчу даректер:

Бишкек шаарында №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;

Бишкек шаарында №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;

Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;

Ош шаарындагы №8 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда.

Кийинчерээк байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пункттары уюштурула баштайт.

Количество просмотров: 146