• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

CPJ журналисттердин абакта калтырылышы боюнча тынчсыздануусун билдирди

14 Жалган куран 2024 9:13 Бишкек Govori.TV

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстанда коррупцияга каршы иликтөө жүргүзүп келген сегиз журналисттин камактагы мөөнөтүнүн узартылышына тынчсыздануусун билдирди. Уюм 13-мартта жарыяланган билдирүүсүндө кыргыз бийлигин журналисттерди бошотууга чакырды.

«Кыргызстандын бийлиги Temirov Live каналынын азыркы жана мурдагы кызматкерлерине коюлган айыптарды токтоосуз жокко чыгарып, камактагы сегиз журналисттин баарын бошотушу жана көз карандысыз басма сөздү куугунтуктоону токтотушу керек», — деп жазылган анда.

“Temirov Live” каналына байланышы бар журналисттердин камактагы мөөнөтүн узартуу менен өлкөнүн бийликтери бул репрессиялык багытты улантуу ниетин билдирип жатышат”, — деп билдирген CPJдин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Журналисттерди коргоо комитети журналисттердин кармалып, камалышы, 24.kg маалымат сайтынын кеңсеси тинтүүгө алынып, “согушка үгүттөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголушу, Kloop Медианын жабылышы — өлкөдө сөз эркиндигине кысым жүрүп жатканынан кабар берет деп эсептейт.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, журналисттер Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин камакта калтырган.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыкты. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда камактагы 11 журналистти үй камагына чыгаруу маселеси да көтөрүлгөн.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Количество просмотров: 65