• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Cудья Айбек Абдивалиев ден-соолугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотту

11 Теке 2019 12:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.07.2019. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүз болгондугунан улам Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 18