• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Дөө Чыңгыз» 5 жылга кесилди

19 Кулжа 2020 12:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго өкүм чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады. Ошондой Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, беш жылга түрмөгө кести.

Ушул эле иш боюнча шек саналган Марсбек Тентиев жана Илияз Айдекеев Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча акталды.

Сот Тентиев менен Айдекеевди Жазык кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмышка кошо катышуучулар»), 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») жана 206-беренеси («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жылдан абакка кести. 190 эсептик көрсөткүчтө айып салды.

Эске салсак, 39 жаштагы Чыңгыз Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары өткөн жылдын 11-апрелде кармалып, абакка киргизилген. Аны менен кошо дагы эки адам кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

Количество просмотров: 1618