• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Жумагулов абактан чыкты

12 Теке 202114:09 Бишкек Govori.TV

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун жаза мөөнөтү аяктап, 12-июлда абактан чыкты.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарган. Судья Адылбек Эсенбаев аны Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен күнөөлүү деп таап, беш жылга кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип 2020-жылы 11-апрелде кармалган. №1 тергөө абагына камалган. Кийинчерээк Чүйдөгүтүрмөлөрдүн бирине которулган.

Количество просмотров: 1236