• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

«Дөө Чыңгызды» 5 жылга эркинен ажыратуу чечими күчүндө калды

15 Жалган куран 202116:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку сотто 11-март күнү «Дөө-Чынгыз» каймана аты менен таанымал Жумагулов Чынгыз Адашкановичтин иши каралды. Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 15-мартта билдирген маалымат боюнча, эки инстанциядагы соттордун чечими күчүндө калтырылды.

Буга чейин Жумагулов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү («Бейбаштык») менен күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Башка айыпталуучулар Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга эркинен ажыратылды. Алар катуу токмоктолгондон кийин көз жумган 2 адамдын (эркек киши) өлүмүнө шектелген.

Количество просмотров: 171