• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Дөө» Чыңгыздын досу эркиндикке чыкты. КУУнин студенттери ректоруна нааразы Соңку жаңылыктар

22 Үчтүн айы 2018 14:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.18.Govori.TV

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факультетинин студенттери ректорго кайрылуу жазышты. Алар өздөрү окуп жаткан университеттин 8-окуу имаратында билим алууга мүмкүн эмес экенин белгилеп, эскилиги жеткен имарат оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдиришкен. Кайрылуу ээлери ошондой эле журналистика факультетинде окууга акы төлөнөөрүн белгилеп, төлөнгөн акчанын эсебинен ректорат студенттерге окуу үчүн «жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүү» экенин эскертишкен.Улуттук университеттин журналистика факультети 8-окуу имаратына өткөн жылдын 1-сентябрынан тартып көчүрүлгөн. Ага чейин факультет окуу жайдын башкы окуу имаратында жайгашып келген. Журналистика факультетинин теле жана радио студиялары да башкы имаратта жайгашкан.

“Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловдун «оң колу» катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькулов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 19-январда кабыл алынып, ага №3 түрмөнүн башчысынын сунушу себеп болгон.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу толук метраждуу документалдуу тасма анын 90 жылдыгына карата тартылат. Бул тууралуу тасма сценарийинин авторлорунун бири Абибилла Пазылов билдирди. Анын айтуусунда, тасманын сценарийи композитор, публицист Түгөлбай Казаков жана Кыргызстандын эл артисти Бакыт Карагулов менен чогуу жазылган. Кинодолбоордун координатору жазуучунун уулу, коомдук ишмер Аскар Айтматов.Пазыловдун айтуусунда, сценарий «Кыргызфильм» киностудиясынын көркөм кеңешинде талкууланат. Ал эми каржы маселеси Маданият министрлигинин алдындагы кинематография департаменти тарабынан чечилет деп күтүлүүдө.Залкар жазуучу, белгилүү сөз чебери Чыңгыз Айтматов 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Быйыл анын 90 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет.

Количество просмотров: 12