• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт

11 Аяк оона 2022 9:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышууда. Ал алгач бразилиялык балбанды 11:1, кийин мексикалык спортчуну 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда кыргыз балбаны түркиялык Юнус Эмре Башарды 9:7 эсебинде артта калтырып, чемпионаттын жарым финалына өткөн. Жарым финалда Акжол кореялык Ким Хён У менен кармашып, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Эми Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болуш үчүн финалда венгриялык Золтан Леваини утушу керек. Финалдык күрөшүү 11-сентябрда болот.

Количество просмотров: 127