Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Хорватиянын борбору Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча коло байгенин ээси болду.
Жанышов 1/16 финалдагы алгачкы беттешинде түрк балбаны Хасан Кылынчты 6:5 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыгуу үчүн болгон кармашта азербайжандык Ислам Аббасовду 4:3 эсебинде уткан.
Чейрек финалда ирандык Алиреза Мохмадипианига 1:4 эсебинде утулуп калып, бирок көңүл жубатуучу беттешке катышуу укугун алган.
Көңүл жубатуучу беттеште Асан Жанышов эсеп 1:1 болгондо немис балбаны Ханнес Вагнерди эскертүүлөр боюнча жеңди. Ал эми коло байге үчүн болгон кармашта 2023-жылкы дүйнө чемпиону, учурдагы Европа чемпиону Венгриялык балбан Давид Лощонцини 4:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду.