• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров жеңишке жеткен балбан кыздарды куттуктады. Коронавирустан 2 адам көз жумду

8 Тогуздун айы 2021 14:11 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 8-октябрдагы маалыматына караганда, коронавирустан эки киши каза болду. Акыркы күндөрү көз жумгандардын бардыгы вируска каршы эмделбегендер арасында болуп жатканы кабарланды.
COVID-19дан каза болгондордун расмий жалпы саны 2 616 ​адам.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 84 ​адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 179 120 адамга жетти.
Бир күндө 77 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 440​ ​адам жатат, дагы 703​ бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 173 796 киши. 

ОКТЯБРЬ ОКУЯЛАРЫ БОЮНЧА СОТТУК ОТУРУМ ЖЫЛДЫ

Былтыр 5-6-октябрда болгон окуялар боюнча соттук отурум 18-октябрга жылдырылды. Ага айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков келбей калганы себеп болду.

Октябрь окуялары боюнча ачылган иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев, мурдагы Ички иштер министри Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Темирлан Султанбеков, Өмүрбек Бабанов жана Атамбаевдин мурунку жансакчысы Канат Сагымбаев айыпталууда. Бүгүнкү сот отурумга Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязовдор алып келинди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жаратып, митинг өткөн. Ал массалык башаламандыктар менен коштолуп, бир адам мерт кеткен жана бийлик алмашкан. Камактагы бир топ саясатчы бошотулуп, кийин кайра камалышкан. Ошол күндөрү борбордук аянтта жүргөн саясатчы, депутаттар сурак беришкен. Ички иштер министрлиги айрым саясатчыларга иш козгогон.

ЖАПАРОВ БАЛБАН КЫЗДАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаров Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде жеңишке жеткен балбан кыздарды куттуктады. Президент күрөш боюнча улуттук курама өлкөнү дүйнөгө таанытып, кыргыз спортунун тарыхын жазып жатышканын айтты.

“Мээрим биздин сыймыгыбыз. Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң! Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык”, — дейт өлкө башчы.

Эскерте кетсек Мээрим Жуманазарованын алтын медалы кыргызстандык балбандардын Ослодогу Дүйнө чемпионатында уткан бешинчи медалы. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло тагынган. Жана ошондой эле эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге татыган болчу. Азыркы учурда өлкөнүн капчыгында 5 медаль бар, муну менен Кыргызстан дүйнолүк рейтингде 5-орунга котөрүлдү.

Количество просмотров: 92