Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында Болгариянын балбаны Тайбе Мустафа Юсейнди жеңип, Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгесин уткан балбан аталды.
Белгилей кетсек, Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жаткан мелдеште Тыныбекова 19-сентябрда жарым финалда Түндүк Кореялык атаандашын 5:3 эсебинде утуп, финалга чыккан.