• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Дүйнө чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу эркек балалуу болду

30 Чын куран 201910:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

ММА дүйнө чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу кече жакында эркек балалуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына уулунун ысымын жазып чыгарып чыкты.

Инстаграм баракчасында “Уулума Халид деген ысым ыйгардык. Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун” деген сөздөр менен уулу менен жубайын төрөт үйүнөн чыгарып бара жаткан сүрөттөрүн киргизген.

Бусурманкул Абдибаит уулу биринчи жолу 2013-жылы дүйнө чемпиону болгон. 2014-жылы Азия чемпионатында коло утуп алып, 2015-жылы КР дин чемпионру болгон. 2016-жылы Өзбекстандан Дадахон Хасановду техникалык нокаут менен дүйнө чемпиону титулун алып, 2017-жылы Грузиянын Арчил Тазиашвилди утуп чемпион титулун сактап калган.

Азыркы учурда Бусурманкул Абдибаит уулу кулатуу эр таймаш боюнча ММА дүйнө чемпиону.

Количество просмотров: 25