Tesla жана SpaceX компанияларын жетектеген ишкер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчи болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маам болгондой, Илон Масктын байлыгы биржалык соодада 188 миллиард долларга жеткен.
Белгилей кетсек, анын кирешеси «Tesla» компаниясынын аркасында акыркы бир жылда эле кескин өстү. Аталган компания жылдык планды толугу менен аткарган, тагыраагы, бир жылда жарым миллион электромобил чыгарган.