Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV
Баривель деп аталган мышык болгону эки гана жашта.
Узундугу 1,2 метр болгон мышык Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазып чыкты.
Билдирмеге караганда, Баривель деп аталган мышык болгону эки жашта.
«Бул сертификаты бар чемпион. Баривель — дүйнөдөгү эң узун үй мышыгы», — деп жандыктын кожойкеси Чинзия Тиннирелло жазган.
Мышыкты ченегенде узунудугу 1,2 метр экени аныкталган.
Үйүндө ит, мышыгы бар балдар аллергия менен аз оорушат
Үй жандыгы Италиянын Виджевано шаарында жашайт. Кожоюндары аны башынан эле чоң болорун божомолдошкон.
«Биздин мышык менен сүрөткө түшүүгө кызыгып келгендер көбөйүп жатат», — деди кожоюндары.
Алар ошондой эле жаныбарынын жеке Instagram баракчасы бар экенин кошумчалашкан.
Булак: “Sputnik” агенттиги