Бүгүн, 1-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 858,6 миң адамга жетти. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан билдиришти.
Ошондой эле бул илдеттен 42,1 миң бейтап каза болуп, 178 миң адам айыкты.
Коронавирус жуккан адамдардын саны боюнча алдыңкы өлкөлөр:
— Америка — 188,5 адам;
— Италия — 105,7 миң адам;
— Испания — 95,9 миң адам;
— Кытай — 81,5 миң адам;
— Германия — 71,8 миң адам;