• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 300 миңден ашты

15 Бугу 2020 10:59 Бишкек Govori.TV

Жон Хопкинс университетинин маалыматтарына караганда, дүйнөдө коронавирус инфекциясы жуккандан кийин өлгөндөрдүн саны 300 миң кишиден ашты. Жалпысынан 4 миллиондон ашуун адам вирустун жаңы түрүн жуктуруп, 1 миллион 700 миң киши айыкты.

Илдетти жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Ал жакта 1 миллион 400 миңден ашуун адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталды. 85 миңден ашуун бейтап кайтыш болду.

Экинчи орунда Орусия турат. Расмий маалыматтар боюнча вирусту 250 миңден ашуун киши жуктурду, эки миңден көп киши өлдү.

Үчүнчү орунда Улуу Британия келатат. Коронавирус 230 миң кишиден табылып, 33,5 миң бейтап дүйнө салды.

Күн мурун The Financial Times менен The New York Times Орусиядагы расмий статистиканы иликтөө менен Москва жана Санкт-Петербургда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 70% көбүрөөк болушу ыктымал экенин жазды. Орусия Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөөнү талап кылды. Роскомнадзор бул материалды фейк маалыматтын жайылышы катары иликтей турганын билдирди.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-жылдын аягында Кытайда пайда болгон. Акырындык менен вирус дүйнөнүн чар тарабына жайылган. АКШ Кытайды «оорунун коркунучтуу экенин өз учурунда эскерткен эмес» деп айыптоодо. Бээжин күнөөнү мойнуна алган жок.

Количество просмотров: 35