• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 12,15 миллион доллар бөлдү

3 Чын куран 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 12,15 миллион доллар бөлдү. Мындай чечим банктын Директорлор кеңешинде жактырылганын уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 3-апрелде кабарлады.

Мындан тышкары, Кыргызстанга буга чейин бөлүнгөн каражаттан 9 миллион доллар ушул максатка жумшалмай болду.

Бөлүнгөн акчага медициналык жабдык, жеке коргонуу жана тест каражаттары сатылып алынып, реанимация бөлүмдөрүнүн иши жакшыртылат. Ар биринде сегиз орун бар 10 реанимация бөлүмүнүн жабдуусу жаңыртылат.

27-мартта Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) COVID-19 вирусуна каршы күрөш жана бюджеттеги тартыштыкты жоюш үчүн Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бере турганы маалым болгон.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан да жардам сураган.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 130 адамга жукту, алардын бирөө каза тапты.

Количество просмотров: 305