• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди

17 Бештин айы 2021 16:25 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Мындай чечим уюмдун тиешелүү комитетинин 16-сессиясында кабыл алынды. Жыйын 16-декабрда ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Париж, Франция) онлайн форматта өттү.

Комитеттин жыйынына Бишкектеги Улуттук тарых музейинде онлайн форматта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри баш болгон маданият кызматкерлери күбө болушту.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» бул тизмедеги Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган биринчи номинация.

Комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн сунуштар каралып жатат.

Тизмеге дүйнөнүн булуң-бурчунан 601 сунуш түшкөн.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч жолу өткөн. Иш-чара эки жылда бир жолу уюштурулмай болгон. 2020-жылы Түркияда өтөрү белгиленип, пандемияга байланыштуу токтоп калган. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын сентябрда Түркияда өтөрү расмий кабарланган.

Количество просмотров: 144