• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Украинадагы кырдаал: Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун кезексиз сессиясында кайрылуу жасады

16 Жалган куран 2022 9:40 Бишкек Govori.TV

14-мартта Парижде ЮНЕСКОнун кезексиз сессиясы өтүп, анда Украинадагы кырдаал боюнча билдирүүнүн тексти каралды.

Кыргызстандын өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун аймагында башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. Ал Украинадагы аскердик операцияларга карата Кыргызстандын позициясын билдирди.

«Кыргыз Республикасы Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салууда. Биз кырдаал тынчтык жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салынарына ишенебиз. Кыргыз Республикасы бардык тараптарды тартипти сактоо үчүн этияттуулукка жана сабырдуулукка чакырат», — деди ал.

Андан соң Садык Шер-Нияз жаңжалды курчутуу үчүн саясий курал болуп калбоо үчүн кесиптештерин билдирүүнүн текстине сабырдуулук жана дипломатия менен мамиле кылууга үндөдү. Ал ЮНЕСКОнун максаттары маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү экенин эске салды.

Количество просмотров: 153