Кыргыздын «Максым жасоо ыкмасы жана салттык билими» ЮНЕСКОнун адамзаттын бейзаттык (материалдык эмес) маданий мурастарынын өкүлдүү тизмесине киргизилди.
Мындай чечим 10-декабрда Нью-Дели шаарында 8-13-декабрь күндөрү өткөн Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясында бир добуштан кабыл алынган.
Бул номинация боюнча арыз ЮНЕСКОнун катчылыгына 2023-жылы берилген.