• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дүйнөлүк тазалык күнү акцияга Кыргызстан кошулат

14 Аяк оона 2018 16:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.09.2018.Govori.TV.

15-сентябрда Кыргызстан боюнча өлкөнү коомдук пайдалануудагы жерлерди, жаратылыш парктарын, көлмөлөрдү, токойлорду ж.б. табигый таштандылардан тазалоо боюнча акция болуп өтөт. Бардык областтардан миңдеген жарандар ишембиликке чыгышат жана айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошушат.

Акция Дүйнөлүк Тазалык Күнүнө карата өткөрүлүүдө, ага “Дүйнөнү тазарталы!” лозунгу менен дүйнөнүн 150 өлкөсү кошулду.

Кыргызстанда өлкөнүн расмий өнөктөшү катары “Эко Деми” Коомдук фонду чыгууда. Кампанияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Өкмөтүнүн Аппараты, коомдук уюмдар жана бизнес өкүлдөрү колдоодо. Акциянын катышуучулары жана өнөктөштөрү төмөнкү уюмдар: Enactus, ФРМИ, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, ошондой эле Prego Club, Talisman Village, Club hotel Dostuk, « Шарбон» АК, St. art Ltd, Beeline, Papa Johns, Horeca Club.

«Дүйнөлүк тазалык күнү» акциясы өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экологиялык абалга көңүлдү бурат. Айлана-чөйрөнүн булгануусуна байланыштуу көйгөй миллиондогон адамдардын өмүрүн алууда жана демилгечилер жарандарды акцияга гана кошулбастан, ошондой эле коомдук жерлерде тазалыкты дайыма сактоо жөнүндө ойлонууга, ресурстарды жөндүү пайдаланууга жана таштандыларды туура иштетүүгө чакырат.

«Биз, тазалоочу адамдар, бул кызматтарды пайдалануучу адамдар деп бөлүнгөндү токтотуп, өз көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек, анткени биз баардыгыбыз бир өлкөдө, бир планетада жашайбыз жана ар бирибиз ал үчүн жооптуубуз. Биз бирге таза өлкөдө жашоо үчүн өз салымыбызды кошолу. Бул ар бирибизден көз каранды», — деди акциянын демилгечиси жана “Эко Деми” Коомдук фондунун төрайымы Айжан Чыныбаева.

Демилгечилер бардык жарандарды Кыргызстандын: Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен жана Жалал-Абад областтарында 15-сентябрда өтүүчү ишембиликке катышууга чакырат.

Иш-чараларга катышуу үчүн социалдык медиадагы топторго кошулсаңыздар болот (@PFecodemi) жана whatsappдагы топторго (№3 тиркемедеги), ошондой эле акциянын координаторлору менен байланышсаңыз болот: Дмитрий Андреев +996 (555) 906 556, Данияр +996 (553) 5 32526 Чынгыз +996 (500) 015050.

Количество просмотров: 30