• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Дүйшөнбек Зилалиевдин кылмыш иши райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү

23 Кулжа 202118:04 Бишкек Govori.TV

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кылмыш иши райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун 23-июндагы чечими менен Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 15-мартындагы Зилалиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары боюнча (“Мыйзамсыз баюу”) өкүмдөрү жокко чыгарылды. Анын кылмыш иши процессуалдык бузуулардан улам ошол курамда Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эскерте кестек, Дүйшөнбек Зилалиевге карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Количество просмотров: 84