Бишкекте уурулукка шектелип 34 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБ кабарлады.
Маалыматка караганда, милицияга арыз менен кайрылган жаран дүкөндөн 21 миң 550 сом алып кеткен шектүүгө. чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аялга издөө жарыяланган. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.