• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Муфтийдин кайрылуусу

4 Кулжа 20193:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Азирети Муфтий Кыргызстандагы мусулмандарга кайрылуу жасады.

«Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт,  Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда айт майрамы белгиленет. Эртең, 4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Күнөөкөр  болбогула», — деди муфтий.

Ошондой эле маалыматка ылайык, Кыргызстанда 5-июнь айт майрамы белгиленет, деп айтылат.

Орозо айт намазы 5-июнь күнү эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00до башталмакчы. Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.

Айт намаздын программасы төмөнкүчө: 06:00-07:00 — дин аалымдарынын баяндамалары;

07:00-07:20 — Азирети Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:20-07:30 — Өкмөттүн куттуктоосу;

07:30 — Айт намаз.

Количество просмотров: 48