• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Д. Сакыев: «Зындан көлүнүн жырылуусу боюнча алдын ала эскертүү берилген»

22 Баш оона 202411:03 Бишкек Govori.TV

«Зындан көлүндө суу көбөйүп жатканы, жырылып кетүү коркунучу бар экени тууралуу маалыматтар алдын ала белгилүү болгон». Бул тууралуу ӨКМге караштуу мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.

Анын айтымында, департаменттин мындай эскертүүсү жергиликтүү бийликтерге жиберилген.

«Эки жума мурун жергиликтүү бийликке биз атайын эскертме катын жолдогонбуз. Зындан көлү толуп келе жатат, көл жырылып кетсе калктуу конушка коркунуч жаралышы мүмкүн, жырылып кетсе сел жүрүшү мүмкүн деген атайын эскертме катын жөнөткөнбүз. 19-август күнү дагы биздин департамент тарабынан Зындан көлү кооптуу болуп жатканы боюнча атайын катты дагы бир ирет жолдогонбуз», — деди Сакыев.

Кошумчалангандай, алдын ала эскертүүнүн натыйжасында 490 адам коопсуз жайга көчүрүлүп, болжолдуу сел жүрө турган жерлерге инженердик техникалар нөөмөткө коюлган.

Ал эми учурда суунун нугу бурулуп, агым азайган.

Кечээ, 21-августта Зындан көлү жырылып, Тоң дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп, суу ташкындоо коркунучу жаралган. Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочулары Эшперов менен Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылган.

Количество просмотров: 88