• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

5 Бирдин айы 20189:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05. 02. 2018. Govori.TV

5-февраль күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…-5 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 0…5 градуска жылыйт. Ысык-Көл облусунда 2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунда —7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 2 градус суук болсо, Ош шаарында 3 градус жылуу болушу күтүлөт.

 

Количество просмотров: 22