• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Даӊазалуу доордогу» Хүрремди аэропорттон ким, кандай тосуп алган?

6 Аяк оона 202114:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына «Даӊазалуу доор» телесериалы боюнча кеӊири таанылган түркиялык актриса Мерьем Узерли келди. Актрисаны тосуп алуу үчүн «Манас» эл аралык аэропортуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев дагы барган. Бул тууралуу депутат Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Түрк-немец актрисасы Мерьем Сахра Узерлини тосуп алдык. Кыргызстанга кош келиңиз, Хүррем!»,-деп жазган депутат Токтошев.

Белгилей кетсек, Мерьем Узерлинин Бишкекке болгон сапары Эл аралык Азия кинофестивалынын (Asian World Film Festival) телесериалдар менен байланышкан жаӊы долбоорун презентациялоо иши менен байланыштуу.

Количество просмотров: 2971