• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дааратканага түшүп кеткен аял менен эки небереси каза болду

2 Теке 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 66 жаштагы аял жана анын эки небереси дааратканын чуңкуруна түшүп кетип каза болушту.

Кырсык шаршемби күнү кечинде Алматынын Наурызбай районуна караштуу Абай айылында болгон.

Куткаруучулардын маалыматына караганда, алгач дааратканага 2020-жылкы кыз түшүп кеткен. Наристени куткарууга аракет кылган анын 12 жаштагы агасы менен 66 жаштагы чоң энеси да чыга албай калышкан. Аларга жардамга келген балдардын 40 жаштагы атасы чуңкурга киргенден кийин эс-учун жоготуп, кийин ооруканага жеткирилген.

Алматынын жака белиндеги жеке турак үйлөрдүн көбү борбордук канализацияга туташтырылган эмес, мындан улам жашоочулар сырттагы дааратканаларды же септиктерди колдонушат.

Количество просмотров: 18510