• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Саясий куугунтукка кабылган кыргызстандыктар. Кече жана бүгүн

6 Жетинин айы 2018 18:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Сталиндин отуз жылга чукул созулган бийлиги тушунда Кыргызстанда жыйырма миңден ашык адам репрессияга кабылган. Анын 137синин сөөгү учурда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жатат. 1938-жылы атылган улут каймактарынын сөөгү арадан 53 жыл аралык өткөндөн кийин табылганы белгилүү.
Өткөн учурда кыргыз элинин каймактары, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана Баялы Исакеев өңдүү бир катар инсандарыбыз,  Сталиндик катаал куугунтуктун курмандыгы болгону аныкталган.
Мындан улам, Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган.
Өткөн учурдагы саясий куугунтук менен атылып кеткен жарандар менен бүгүнкү Кыргызстандын абалын дагы салыштырып келишет. Учурда ачык өлтүрүү болбосо деле, мекенчил адамдарды саясий туткунга алуу, себепсиз түрмөгө отургузуу болуп жатат деген пикирлер айтылат.
Аскар Акаев президент болуп турган кезде, бийликке каршы чыккан адамдарды жазалап  келген  дейт Акылбек Жуманалиев.
Акаев президент болуп турган учурунда саясий кысым саясатчылар менен катар эле журналисттерге да көрсөтүлгөнү маалым. Бирок, кээ бир учурда журналисттер да аша чапкан учурлар болгон дейт Кыяс Молдокасымов.
Ага карабай анча-мынча учурда жеке кызыкчылык менен да саясий куугунтукка алынган бийлик оппененттер менен журналисттер да жок эмес.
Ушундай эле көрүнүш Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин уланып, айрым бийликке каршы чыккан адамдар атайын уюштуруу жолу менен өлтүрүлгөнү жашыруун деле болбой калды деген пикирлер айтылды.
Өлкөнү эң аз убакыт башкарган экс-президент Роза Отунбаеванын ишинде эч кандай куугунтуктоо болгон жок пикирин тарыхчы Тынчтыкбек Чороев билдирди.
Ал эми тарыхчы Акылбек Жуманалиев экс-президент өлкөнү аз башкарса да башаламандыкка салды деп нааразычылыгын айтты.
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин учурунда саясый куугунтуктоого кабылган саясатчыларды азыр дагы бошоткула деген талаптар айтылып келгени маалым.
Ал эми кээ бир тарыхчылар учурдагы айрым саясатчыларга саясый куугунтуктун курмандыктары деп баа берүү азырынча эртелик кылат деген ойдо.

Количество просмотров: 82