• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Дагы 1 292 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду

13 Теке 2021 10:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 292 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 720, Ош шаарында – 38, Чүй облусунда – 196, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 49, Жалал-Абад облусунда – 101, Баткен облусунда – 118 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 923 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 526, Ош шаарында – 83, Чүй облусунда – 117, Ош облусунда – 46, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 59 бейтап айыгып чыкты», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7, Чүй облусунда бир, Ош облусунда бир, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 587 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 702 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 36 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 956 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 76 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 142 миң 270 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 119 миң 694 киши айыгып чыкса, 2 миң 123 адам каза болду.

Количество просмотров: 94