Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Каза болгон бейтаптар:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 58 жаштагы аял киши;
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 54 жаштагы эркек киши;
Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы аял киши, медкызматкер;
Ош шаарынын клиникалык ооруканасында 33 жаштагы аял киши;
Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 33 жаштагы эркек киши;
Ысык-Ата аймактык ооруканасында 5 бейтап (64, 66, 80 жаштагы эркек кишилер, 62,63 жаштагы аял кишилер).
Кыргызстанда коронавирус аныкталгандан кийин 76 адам каза болду.