Бүгүн, 22-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында 118 адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 83 миң 703 адам коронавирус жана пневмония менен катталган.